ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" өткөрмө бекетинен жүк ташуучу автоунааларга 8-ноябрда саат 15:20дан тартып убактылуу чектөө киргизилгенин билдирди.


"Жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол тыгынын болтурбоо максатында №9 жол тейлөө мекемесинин сунушу боюнча чектөө кирди", - деп айтылат маалыматта.


Мекеме жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынарын айтты.




Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-10-ноябрда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар көчкү түшүп,  кар күрткүсү пайда болорун эскертти. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Жолдо автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы зарыл экенин эскертти. (MKt)