ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Еврошаркет Түндүк Кипрди мыйзамдаштыруу аракети уланып жатканын сындады

0
Европа Биримдиги эл аралык коомчулук тааныбаган Түндүк Кипрди мыйзамдаштыруу аракети уланып жатканына өкүнүчүн билдирүүдө. Биримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррелдин 7-ноябрдагы билдирүүсүндө Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитинде да ошондой аракет көрүлгөнү белгиленди.


"Европа Биримдиги Түрк мамлекеттери уюму түрк-кипр  жикчил түзүмүн, эл аралык деңгээлде таанылбаган "Түндүк Кипр Түрк республикасын" ага ТМУнун байкоочусу макамын берүү аркылуу, ошондой эле кечээ Бишкекте өткөн саммитинде да мыйзамдаштырууга кайрадан-кайра көрүп жаткан аракетти четке кагат", - деп айтылды билдирүүдө.


Боррел мындай аракет "өкүнүч жаратарын", Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставы менен бекитилген, уюмдун бир нече мүчөсү аймактык бүтүндүк тууралуу принципти "чечкиндүү колдоп жатышына каршы келерин" белгиледи. Ал Европа Биримдиги "эл аралык укук субъектиси катары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына ылайык" Кипр Республикасын гана тааный турганын кошумчалады.




Түндүк Кипр - Кипр аралындагы дүйнөлүк коомчулук тааныбаган өлкө. Анын эгемендигин Түркия гана тааныган.


6-ноябрда Бишкектеги саммитке расмий таанылбаган Түндүк Кипрдин башчысы Эрсин Татар да катышты. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын расмий маалыматында ал байкоочу катары катышканы кабарланды. Өз сөзүндө Эрсин Татар түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы байланышты бекемдөө зарылчылыгын айтып, алардын колдоосуна муктаж экенин белгиледи. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен кошо Бишкекте бир нече расмий иш-чараларга катышты.


2022-жылы Түркия Түндүк Кипрге ТМУда байкоочу деген макам берилгенин жарыялаганын, бул аракетти Евробиримдик сындап, Борбор Азия өлкөлөрүн этият болууга чакырганын "Азаттыкка" курган маегинде Берлиндеги Чыгыш европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Борбор Азия боюнча эксперти Берил Ожаклы айтып берген. (RK)