ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Харрис Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

0
АКШнын вице-президенти, демократтардын талапкери Камала Харрис Республикачылар партиясынан талапкер болгон мурдагы президент Дональд Трамп менен 6-ноябрда телефондон сүйлөшүп, аны жеңиши менен куттуктады жана президенттик шайлоодо утулганын моюнуна алды. Бул тууралуу америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары Харристин шайлоо штабына таянып кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Харрис өз сөзүндө бийликти тынч өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген. 


Ал Вашингтондо өзү аяктаган Говард университетинде чогулган тарапкерлеринин алдында жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00дө чыгып сөз сүйлөйт.


АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп жеңүүчү деп таанылышы үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270тен кем эмес добушун алып, атаандашы, Демократтар партиясынын талапкери Камала Харристен озуп чыкты.


АКШ администрациясы тараткан маалыматка караганда, Трампка президент Жо Байден да телефон чалып, куттуктады жана Ак үйгө жолугушууга чакырды. (RK)