ru24.pro
World News
Ноябрь
2024
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Футбол: “Абдыш-Ата” үчүнчү ирет Кыргызстандын чемпиону болду

0
Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу өзүнүн тарыхында үчүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болду.


5-ноябрда Кант шаарында өткөн Кыргызстандын премьер-лигасынын 25-турунда "Абдыш-Ата" бишкектик "Дордой" клубун 1:0 эсеби менен утту. Мелдеш жадыбалында эң көп упай топтогон канттык клуб өлкө чемпиону болду.


Ушул тапта Кыргызстандын премьер-лигасынын мелдеш жадыбалында “Абдыш-Ата” 52 упай менен биринчи орунда. Бишкектин "Дордой" клубунда 55 упай, "Мурас Юнайтед" клубунда 48 упай бар. Оштун “Алай” командасы 44 упай менен төртүнчү орунда. Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы 30 упай топтоп, бешинчи орунда. "Илбирс" клубунда 25 упай, "ОшМУ-Алдиерде" 21 упай, "Талант" клубунда да 21 упай бар. "Кыргызалтын" клубу 19 упай топтоп 9-орунда. Бишкектин “Алга” клубу бул жылы 17 упай топтоп мелдеш жадыбалында акыркы орунга жайгашты.


“Абдыш-Ата” клубу 2001-жылы түптөлгөн. 2002-жылы команда Жогорку лигага көтөрүлгөн. Үч ирет өлкө чемпиону (2022, 2023, 2024) аталса, эки ирет Кыргызстандын футбол боюнча Супер кубогун уткан.


Кыргыз премьер-лигасы деп аталган өлкө чемпионатында 10 клуб ойнойт. Алар: "Дордой", "Алга", "Алай", "Нефтчи", "Мурас-Юнайтед", "Талант", "Кыргызалтын, "Илбирс", "ОшМУ-Алдиер" жана "Абдыш-Ата" клубдары.


Алардын ичинен "Алга", "Алай" клубдары муниципалдык болуп саналат. "Алга" клубу Бишкек мэриясынын, "Алай" Ош мэриясынын бюджетинен каржыланат. Кара-Балта мэриясынын карамагындагы “Кара-Балта” клубу быйыл атын өзгөртүп, аны каржылаган "Кыргызалтын" ишканасынын атын алган. "Ошму-Алдиер" клубу болсо Ош мамлекеттик университетинин базасында 2022-жылы түзүлгөн. "Мурас-Юнайтед" клубу 2023-жылы түзүлүп, дароо эле Кыргызстандын чемпионатында ойной баштаган. Калган клубдар жеке ишкерлердин жана футбол союзунун каржылоосунда чемпионатка катышып келет. (GT)