ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Нацуми: “Боз үйдү Жапонияга алып кетем”

0
Киото университетинин аспиранты Нацуми Ишида эки жылдан бери Өзбекстандын чакан Кызылнаврул кыштагында жашайт. Ал өзбек дыйкандарынын жашоосуна жана каада-салтына кызыгат. Жапон кызы өзбекче сүйлөгөндү жана килем токуганды үйрөнүп, улуттук тамак-аштын түрүн жасоого жардам берет. Мекенине кайтып келгенден кийин Нацуми өзбек маданияты боюнча кандидаттык диссертациясын жазып, музейде иштөөнү каалайт. Ал музейге боз үй тигип, жапон элин өзбек маданияты, салттары менен тааныштыргысы келет.