ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Ирандын башкы дипломаты Пакистанда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулайт

0
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Пакистанга эки күндүк расмий сапар менен барды. Бул тууралуу 5-ноябрда Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, Исламабадда ал премьер-министр Шахбаз Шариф, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар жана башка расмийлер менен жолугушуу өткөрөт.


Арагчи менен пакистандык расмий жетекчилер эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу маселелерин жана Жакынкы Чыгыштагы азыркы кырдаалды талкуулай турганы белгиленди.




"Бул сапар Пакистан менен Иран ортосундагы көптөгөн багыттар боюнча, анын ичинен соода, энергетика жана коопсуздук жаатындагы алаканы, диалогду өнүктүрүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүк болот", - деп айтылды Пакистандын башкы дипломатиялык мекемесинин билдирүүсүндө.


Иран азыркы тапта Израил менен тирешкен мамиледе турат. Тегеран Израилдин 26-октябрдагы ирандык аскердик объектилерге каршы чабуулуна жооп катары соккулары уланарын билдирген.


Былтыркы жылдын 7-октябрындагы кандуу окуядан бери Израил АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС жана "Хезболла" топторуна каршы согушууда. ("Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия . "Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.) (RK)