ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Түркия президенти Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

0
4-ноябрдын кечинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. Аны Бишкектеги эл аралык “Манас” аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды.


Аба бекетке ардак кароол тизилип, түрк делегациясына кыргыз жана түрк музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин концерттик программасы тартууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 


5-ноябрда Бишкекте Түркия менен Кыргызстандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. 




"Мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.


“Анадолу” агенттигинин жазганына караганда, түрк президентин жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Хакан Фидан, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу, соода министри Өмер Болат, улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын жана башка расмий өкүлдөр коштоп келди.


Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине да катышат.


Түрк президенти буга чейин Кыргызстанга 2018-жылы келген.