"Башаламандыкка чакырган эмес, жергиликтүү бийликти сындаган". Талапкердин камалышы суроо жаратты
Токтогул шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан талапкер Болот Дүйшөналиев "массалык башаламандыкка чакырган" деп айыпталып кармалды. Буга чейин активист Айтилек Орозбеков камалган. Милиция талапкерге иш козгоого негиз бар деп билдирди.