ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Молдова Орусияны айыптоо менен коштолгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатат

0
Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жарандардын 54% добуш бергенин билдирди. Бул 2020-жылдагы президенттик шайлоонун биринчи жана экинчи туруна караганда алдаганча жогору.


Шайлоодо эки талапкер -  батышчыл көз караштагы азыркы президент Майя Санду жана Орусия колдогон талапкер, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло ат салышты.


Өлкөдө добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды. Жалпы 2,2 миңден ашуун шайлоо тилкесинин 231и чет мамлекеттерде жайгашкан.


Добуш берүүнүн жыйынтыгында жеңишке жеткен талапкер төрт жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат. Шайлоо Молдованын убактысы менен кечки саат 21.00дө аяктады.


Баштапкы жыйынтык жергиликтүү саат боюнча 22:00дөн кийин жарыяланары, тагыраак маалыматтар андан кечирээк чыгары күтүлүп жатат.


Шайлоо президенттик жарышка жана Молдованын Европага интеграция болуу маселеси добушка коюлган референдумга Орусия кийлигишти деген айыптоолордун фонунда өттү.


Майя Сандунун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Станислав Секриеру X тармагына азыркы шайлоонун экинчи айлампасына да Орусия "масштабдуу кийлигишкенин" жазды.


«Добуштардын жыйынтыгын бурмалоо аракети болду», - деген Секриеру андан башка маалымат берген жок.


20-октябрдагы президенттик шайлоонун биринчи турунда өлкөнүн евроинтеграциясын жактаган азыркы башчы Майя Санду добуштардын 42,49%, ал эми анын негизги атаандашы, социалист, Орусия колдогон саясатчы, мурдагы башкы прокурор Александр Стояногло 25,9% алган.