ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Токтогулда депутаттыкка талапкер массалык башаламандыкка шектелип кармалды

0
Жалал-Абад облустук милициясы Токтогул шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышып жаткан “Эркин эл” партиясынын жергиликтүү лидери Болот Дүйшөналиевди 2-ноябрга оогон түнү камакка алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын өкүлү Бексултан Баяман уулу билдирди.


Дүйшөналиевдин адвокаты Мирбек Мунарбек уулунун билдиришинче, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 31-октябрда Болот Дүйшөналиевге карата Кылмыш кодексинин 278-беренесинин 3-пункту (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) боюнча кылмыш ишин козгогон.


Милиция аны Токтогулдан Жалал-Абад шаарына суракка чакырып, “эч жакка чыкпоо” шарты менен кое берип, 2-ноябрга кайрадан суракка чакырган. Ага жетпей 1-ноябрда түнкү саат 12де кармаган.


Жалал-Абад шаардык тергөө соту ошол эле күнү анын баш коргоо чарасын карап, 20-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.


Адвокаттын маалыматына караганда, милиция 9-сентябрда Болот Дүйшөналиевдин социалдык тармактарга тараган алты видеосу боюнча рапорт жазып, 31-октябрда кылмыш ишин козгогон.


Далил видеолорду Юстиция министрлигинин алдындагы лингвистикалык экспертизалык борборго берип, алар активисттин сөздөрүндө “онлайн-митингдер аркылуу башаламандык уюштуруу чакырыгы бар” деген корутунду чыгарып берген.


Болот Дүйшөналиев буга чейин социалдык тармактарда Токтогул районунун акимин, анын орун басарын жана шаар мэрин сындап чыккан. Нааразылык иретинде онлайн-митинг өткөрүү тууралуу пикирин билдирген.


Ал Токтогул шаардык кеңешинин мурунку чакырылышынын депутаты, 17-ноябрда өткөнү жаткан жергиликтүү шайлоого да ошол партиядан катышып жаткан. Буга чейин райондогу бала бакча, мектеп, жолго байланышкан бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, социалдык тармактар аркылуу жарыялап келген.


Облустук милиция жана шаардык сот талапкердин кармалышы тууралуу маалымат бере элек. (KbA)