"Мейманканага чет элдиктер жатат". Казинолор казынаны толтурабы?
Жогорку Кеңеш "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзамды талкуусуз кабыл алып, толук же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын аймагында казино ачууну колдоду.