ru24.pro
World News
Ноябрь
2024

Грузияда кармалган азери журналистинин камак мөөнөтү узартылды

0
Грузияда камакта отурган азербайжандык кабарчынын абак мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн 1-ноябрда "Азаттыктын" грузин кызматы жазды.


Азербайжандын президенти Илхам Алиевди сындап жүргөн, Грузияда расмий Бакунун өтүнүчү менен кармалып, камакка алынган журналист Афган Садыговдун камактагы мөөнөтүн Тбилиси шаардык соту дагы үч айга узартты. Судья Арсен Калатозишвили мындай чечимин журналисттин аны күрөөгө же көзөмөл алдына бошотуу тууралуу өтүнүчтөрүнө карабастан кабыл алды.


Мекенинде Садыговго опузалоо жана коркутуп-үркүтүү тууралуу айыптар тагылган.


42 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан журналисттин ден соолугу начарлап кеткендиктен бүгүнкү сот отурумуна аны майыптар арабасына отургузуп алып келишти.


"Мен эч качан кылмыш жасаган эмесмин. Болгону Алиевди сындагам жана анын мыйзам бузууларын ашкерелегем", — деди Садыгов сотто.




Садыговду быйыл 3-августта Грузиядан чыгып кетип бара жатканда кармашкан. Бул өлкөгө ал 2023-жылы декабрда башпаанек издеп барган. Өзү жана тарапташтары азери бийлигинин ага койгон айыптоолору негизсиз экенин айтышкан. Жубайы жана укук коргоо уюмдары эгер Тбилиси журналистти ишмердүүлүгү үчүн буга чейин бир нече жолу камалган Азербайжанга өткөрүп берсе анын коопсуздугуна коркунуч жаралат деп чочулоодо.


Azel.TV жаңылыктар каналын жетектеп, азери бийлиги тууралуу сын көз карашын ачык айткан журналист 2016-жылдан бери Бакуда бир нече жолу кармалып, бир жылдай убакыт абакта отуруп чыккан. Мекенинде ага «акча талап кылган» деген айып тагылган, өзү мындай кинени саясий куугунтук деп атоодо. 2023-жылы май айында абактан ырайым менен бошотулган журналист декабрь айында Грузияга чыгып кеткен, ал жактан Бакунун өтүнүчү менен быйыл август айында кармалган.


Грузиянын миграция кызматы Садыговго саясий башпаанек берүүдөн баш тарткан. (RK)