ru24.pro
World News
Октябрь
2024

Нурлан Мотуев улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалды

0
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Нурлан Мотуев “расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга” шек саналып кармалганын билдирди.


Маалыматка ылайык, шаардык милициянын Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери 16-октябрда Инстаграм социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүүдө nurlan_motuev_official аталышындагы баракчада кастыкты козуткан видеону аныкташкан.


“Анда ал, улуттун аз өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган”, - деп айтылат маалыматта.




Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси – “Расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” менен кылмыш ишин козгогон.


Нурлан Мотуев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.


Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында акчасын алдаткан адамдардын каражатын кайтарып берүүгө убада кылып, социалдык тармактардан видео кайрылуу жасап жаткан Нурлан Мотуевге милиция эскертүү бергенин айткан.


2017-жылы августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага “Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо” жана “Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.


2018-жылдын ноябрь айында Мотуев күчөтүлгөн режимдеги №27 абактан №32 жатак абакка которулган. Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) ал жатак абакта турууга милдеттүү эмес экенин, шаарда ээн-эркин жүрүүгө укуктуу экенин билдирген. (BTo)