ru24.pro
World News
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23
24
25
26
27
28
29
30
31

Парламент Жогорку Cоттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырды

0
23-октябрдагы жалпы отурумда Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдоп беришти. Андан кийин Медербек Сатыев сөз сүйлөп, депутаттардын жана элдин ишеничин актоого жана эл, мамлекет үчүн иштөөгө бар күчүн жумшай турганын айтты:



"Анткени сот системасынан мамлекеттин экономикасы түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан, бир гана мыйзам үстөмдүк кылышы керек. Мен сиздерге бул жагынан убада берем", - деди Сатыев.



Медербек Сатыевдин талапкерлигин Жогорку соттун төрагалыгына 22-октябрда Судьялар кеңеши сунуштаган.






Мыйзамга ылайык, Жогорку соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштайт. Парламенттин макулдугунан кийин президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Бул кызматка талапкер Жогорку соттун судьяларынын ичинен тандалат.



Мурдагы төрага Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү арызын 9-октябрда жазган. Жогорку Кеңеш 10-октябрда анын кызматтан бошотууну колдогон, эртеси президент Жапаров кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койгон.



Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаментинде баштаган.



Ал 2013-жылы Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди, Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун коллегиясынын мүчөсү болгон.



Сатыев Октябрь окуяларынан кийин президенттин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.



2022-жылы октябрда Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин директору болуп иштеп, 2024-жылдын башында Жогорку соттун судьясы болуп шайланган.(ZKo)