ru24.pro
World News
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

БУУ: Согуш Палестинанын өнүгүүсүн 1950-жылдагы деңгээлге түшүрдү

0
Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобу ортосундагы согуш Палестинанын экономикасын талкалады жана Газанын бүтүндөй калкын жакырчылыкка батырды.


Жашоо сапатынын көрсөткүчтөрү мындан 70 жыл мурдагы деңгээлге түшүп кетти. Мындай бүтүмү менен шейшембиде БУУнун Өнүгүү программасы бөлүштү.


Жаңжалдын социалдык-экономикалык кесепеттери тууралуу изилдөөсү менен тааныштырып жатып, агенттиктин өкүлү Шитозе Ногучи Газа тилкесинин жана Иордан дарыясынын батыш жээгин камтыган палестин аймактарынын экономикасы согуш башталган бир жылдан бери 35% төмөндөгөнүн белгиледи.


"Кээ бир тармактарда анклавдагы жакырчылык 100% жакындады, жумушсуздук дээрлик 80% түзөт", - деп айтты Ногучи.


Анын айтымында, эң оптималдуу шартта да эл аралык жардам азыркы деңгээлде калып, Газа менен батыш жээкке жеткирилип турса, өнөр жайдын көлөмүнүн урушка чейинки деңгээлге кайтуусу үчүн кеминде 10 жыл талап кылынат.




Былтыр 7-октябрда ХАМАС тилкенин аймагынан Израилге чабуул койгондо 1200 киши мерт кеткен, 100дөн ашуунун жоочулар барымтага алган. Израил армиясы ошондон кийин ачкан согушта Газада 43 миңдей киши каза тапканын радикал топ башкарган анклавдын саламаттыкты сактоо мекемеси билдирди.


Тилке кыйроолорго учурап, ооруканалар, окуу жайлар баш болгон жарандык инфраструктура, турак жайлар урандыларга айланды, миллиондогон кишиге улам-улам жер которууга туура келди. БУУнун маалыматы бонча 3,3 миллион палестиналык гуманитардык жардамга муктаж, алардын 1,5 миллиону жашы жетелек балдар.


Газада 625 миң студент билим алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.