“Манас” аэропорту Суданда каза тапкан адамга байланыштуу комментарий берди
"Манас” эл аралык аэропорту аталган мекеменин күбөлүгү бар орус жаранынын Суданда учак кырсыгына кабылганына байланыштуу комментарий берди.
Аталган компаниянын билдиришинче, "Манас" деген жазуусу бар күбөлүктөгү Виктор Гранов аэропортто иштебейт жана башка компания аркылуу алар менен кызматташып келген.
"Маалыматка караганда, Суданда кыйраган учакта болжол менен каза болгондор арасында Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов болгон. Анын документинде "Манас" эл аралык аэропортунун күбөлүгү (тархетка) табылган. Ал аэропорттун кызматкери эмес, бирок "Манас" менен өзүнүн компаниясы аркылуу кызматташып келген", - деп айтылат маалыматта.
21-октябрда Суданда Ил-76 жүк ташыган учак кыйрап, анын бортунда болжол менен орусиялыктар болгону кабарланган.
Судандагы кырдаалга көз салган Sudanwarmonitor порталынын маалыматында, ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн (RSF) жикчилдери Бириккен Араб Эмирлигинен учуп келаткан Ил-76 жүк ташуучу учагын жаңылып атып түшүрүшкөн.
Бул Түндүк Дарфурдун Малха аймагында болгону болжолдонууда.
Учак Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүнө (RSF) курал-жарак ташып баратканы айтылууда. Mash Телеграмм-каналынын маалыматында, каза болгондордун бири Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын инженери Виктор Гранов. Интернетке жарыяланган видеолордо анын аты жазылган күбөлүктө "Манас" деген жазууну көрүүгө болот.
"Манас" аэропорту менен кызматташкан ишканалардын кызматкерлерине күбөлүк берилерин билдирүүдө.
Компания Kaktus.media басылмасына Гроновго New Way Cargo компаниясы аркылуу алганын айткан. Ага ылайык, Гронов "аэропорттун перронуна, бортко кире турган башкы инженер статусуна ээ болгон жана күбөлүк Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) эрежелерине ылайык берилген".
Маалыматка караганда, кыйраган учак Кыргызстанда эмес, Орусияда катталган. (КЕ)