ru24.pro
World News
Октябрь
2024

Аба ырайы: айрым жерлерде жаан жаайт

0
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 23-октябрга караган түнү Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.


Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунда айрым жерлеринде катуу жаан-чачын жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 7…12;


Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11;


Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 12…17;


Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндуз 13…18;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;


Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17.


Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 10…12° жылуу болот.