ru24.pro
World News
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөө уланууда

0
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын мал кайтаруу үчүн жайлоого кетип, дайынсыз болуп жаткан 45 жана тогуз жаштагы эки тургунун издөө иштери уланууда.


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 22-октябрда кабарлады. Издөө иштерине куткаруучу, милиция жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 93 киши тартылды.


Мал кайтарууга кеткендердин төрт күндөн бери дайыны чыкпай жатканы тууралуу маалымат 20-октябрда түшкөн.



Ушул эле күнү ӨКМден 11 куткаруучу, милициядан 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 111 адам издөө ишине тартылган.




Буга чейин Чаткалда 9-октябрда Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголгон.



16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, кар көчкү алдында калган алты кишинин сөөгү 19-октябрда табылды. Аларды издөөгө ӨКМдин Airbus H145 тик учагы, кошумча куткаруучулар тобу тартылган. (КЕ)