ru24.pro
World News
Октябрь
2024

Футбол: "Абдыш-Ата" командасы Супер кубокту утту

0
Кыргызстандын футбол боюнча 2024-жылдагы Супер кубогун канттык "Абдыш-Ата" командасы утту. 20-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн беттеште "Абдыш-Ата" Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" клубун 1:0 эсебинде жеңди.


Беттештеги жалгыз голду "Абдыш-Атанын" жарым коргоочусу Кайрат Жыргалбек уулу киргизди.


Кыргыз футбол биримдиги Супер кубокту жеңгени үчүн "Абдыш-Ата" командасына 20 000 доллар ыйгарды. Ушуну менен "Абдыш-Ата" командасы экинчи жолу (2016-жыл) Кыргызстандын Супер кубогун утуп алды.




Супер кубок үчүн беттеш 2011-жылдан баштап ойнотула баштаган. Бишкектин "Дордой" клубу аталган мелдешти алты ирет утса, Оштун "Алай" клубу үч ирет, "Абдыш-Ата" эки жолу, "Нефтчи" командасы бир ирет уткан.


Былтыр "Абдыш-Ата" клубу өлкө чемпиону болсо, "Мурас Юнайтед" командасы Кыргызстандын кубогун жеңген.(GT)