ru24.pro
World News
Октябрь
2024

Жумгалда мал кайтарып жүрүп, дайынсыз жоголгон эки тургун изделүүдө

0
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылынын 45 жана тогуз жаштагы эки тургуну мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жактаны тууралуу маалымат 20-октябрь күнү түшкөн. Алардын 16-октябрдан бери дайыны чыкпай жатканы айтылган.




Ушул эле күнү ӨКМден 11 куткаруучу, милициядан 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундар болуп жалпысынан 83 адам издөө иштерине тартылган. Бүгүн, 21-октябрда да 107 адам дайынсыз болуп жаткан тургундарды издеп жатат.




Чаткалда 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын тургундары жана бир чет элдик жарандан турган 14 кишилик топ, эндик өсүмдүгүнүн тамырын издеп, тоого кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан.



16-октябрда издөө иштеринин натыйжасында сегиз жаран аман-эсен табылган, ал эми кар көчкү алдында калган алты кишинин сөөгү 19-октябрда табылды. Аларды издөөгө ӨКМдин Airbus H145 тик учагы, кошумча куткаруучулар тобу тартылган. (КЕ)