ru24.pro
World News
Октябрь
2024

22-октябрдын аба ырайы

0
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.


Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18;


Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;


Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндуз 18…23;


Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;


Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 14…19.


Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.


Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° жылуу болот.