ru24.pro
World News
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте мамлекеттик ипотека үчүн "Ынтымак" комплексинин курулушу башталды

0
Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компаниясына таандык “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушу башталды. Жалпы аянты 18 гектар жерге 18 кабаттуу үйлөр, комплекстин ичинде жолдор, мектеп, эки бала бакча, жашылдандыруу жана унаа токтотуучу жайлар камтылган.


Курулуштун башталышына президент Садыр Жапаров катышып, “мезгил кутучасын” салды. Ал мамлекеттик ипотека жарандардын турак үй менен камсыздалышына чоң мүмкүнчүлүк болгонун, учурда өлкө боюнча жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын белгиледи.


Ошондой эле келерки жылдан баштап райондордун борборлорунда, шаарларда көп кабаттуу үйлөр курула баштаарын тактады.


“Президент азыркы тапта үйү жок жарандарыбызды, анын ичинен чет өлкөдө эмгектенген мигранттарды да турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады. МИК “Элдик банк” менен биргеликте “Топтоочу ипотека” долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор жеткиликтүү турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн бир топ жеңилдетет. Мындан тышкары, балдар үйлөрүндөгү жетим балдарды колдоо механизмдери иштелип чыгууда жана “Келечекке салым” аттуу жаңы долбоор даярдалып жатат”, - деп жазылган маалыматта.


Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Бишкекте 22 миң 573 адам кезекте турган болсо, аймактарда 15 миң 400 адам турат. Жалпы өлкө боюнча азыркы тапта 42 миң 316 батир салынып жатат.




Президент Садыр Жапаров быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол койгон. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштай турганын билдирген.


Президент ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн.