ru24.pro
World News
Октябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Айдоочулук күбөлүк үчүн сынактар онлайн көрсөтүлүп турат

0
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк үчүн сынактардын жүрүшүн онлайн режимде байкап турууга болот. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.


“Учурда онлайн көрсөтүү пилоттук негизде Бишкек жана Ош шаарларындагы эки аймактык бөлүмдө иштеп жатат. Мындай чечим айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, ачыктыкты пайда кылуу үчүн кабыл алынды”, - деп жазылган маалыматта.


Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупция тыйылбай жатканын 1-октябрда агенттиктин мурдагы директору Руслан Жокоев кармалгандан кийин берген маегинде айткан.


Анын алдында Улуттук коопсуздук комитети “Унаа” ишканасынын бир нече кызматкери пара алууга шектелип кармалганын, “агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналганын” билдирген.


Рустам Жокоевдин жана кармалган башка кызматкерлердин жакындары, адвокаттары комментарий берген эмес.


37 жаштагы Жокоев “Унаа” мекемесинде адис, кийин жетекчинин орун басары болуп иштеп, 2021-жылы директору болуп дайындалган. 2020-2021-жылдарда Президенттин иш башкармалыгына караштуу Мамлекеттик “Ала-Арча” паркы мекемесинин директору болуп турган.