ru24.pro
World News
Сентябрь
2024
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22
23
24
25
26
27
28
29
30

Задёшево рейдерски присвоенная земля рыночной стоимостью 360 миллионов долларов в Кызыл-Кыштаке строймафией должна быть возвращена государству

Задёшево рейдерски присвоенная земля рыночной стоимостью 360 миллионов долларов в Кызыл-Кыштаке строймафией должна быть возвращена государству

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

АЧЫК КАТ

Ош шаарынын курамына жакында кирген Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары негизинен дыйканчылык менен алек. КР Өкмөтүнүн 22.08.1994 ж.№632 токтому менен жер үлүштөрү ажыратылып, жер үлүштөргө болгон жеке менчиктери Кадастр органдарында катталган. Бирок, Ош шаарынын курамына киргенден кийин Ош облусунун губернаторунун 1 орун басары К.Г. Айтибаев жана Ош шаарынын кеңешчиси дыйкандарды чогултуп: “Жер үлүштөрүнүздү бериңиздер, КР Президентини С.Н. Жапаровдун тапшырмасы боюнча бул жерде көп кабаттуу үйлөр курулат”- деп дыйкандардын менчигиндеги жер үлүштөрүн арзан баада сурап жатышты. КР Президенти С.Н. Жапаров менен жамынышып, мыйзамсыз талап менен дыйкандардын менчигин мажбурлоо жолу менен арзан баада алышмакчы. Бирок, бул аракеттер мыйзамсыз, себеби:

1. КР Президенти эч качан карапайым дыйкандардын менчигиндеги жер үлүштөрүн арзан баада алып, карапайым элдин нараазылыгын пайда кылышсын деген тапшырмасы жок.

2. УКМК төрагасы К.К. Ташиев: “Коррупционерлер басып алган ондогон гектарлап жер тилкелерди мамлекет менчигине кайтарып, ал жерлерде карапайым элге берүүнү убада кылган. Бирок, К.К. Ташиев карапайым дыйкандардын 20-40 сотик менчигиндеги айыл чарба багытындагы сугат жер үлүштөрүн арзан баада тартып алуу боюнча тапшырма берген эмес.

3. “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын талаптарына ылайык айыл чарба багытындагы сугат айдоо жер тилкелерди трансформациялоого тыюу салынган.

4. Алтын менен барабар сугат айдоо жерлер Кыргызстанда өтө аз болуп, курулуш мафиясы тарабынан суулу жерлерге болгон аёөсүз мамилеси Кыргызстандын азык туулук коопсуздугуна чоң коркунуч жаратып жатат.

5. КР Конституциясынын 15 бер. 2 бөл. ылайык Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт. Мурастоо укугу кепилденет. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими менен гана жол берилет. КР Конституциясынын 30 бер. 1,2 бөл. ылайык Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган башка объекттеринин кол тийгистигине укуктуу. Эч ким ээсинин эркинен каршы алар пайдаланып турган башка объекттерине кире албайт. Алып коюу, кароо жүргүзүүгө жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле бийлик өкүлдөрүнүн жеке менчик же башка укуктук ээлигиндеги турак жайга жана башка объекттерге кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

6. Дыйкандардын жер үлүштөрү КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ЮНЕСКОнун “Сулайман-Тоо” дүйнөлүк мурас эстелигинин буфер аймагында жайгашкан. Буфер аймагында курулуштар 4 кабаттан ашпоого тийиш жана бул аймак ЮНЕСКО менен КР Маданият министрлиги тарабынан коргоолот. Эгерде “Сулайман-Тоо” дүйнөлүк мурас эстелигинин буфер аймагы өзгөртүлса, ал өзгөртүүлөр ЮНЕСКО менен макулдашылып, анан кийин өзгөрөт. Бирок, ЮНЕСКО менен эстеликтин буфер аймагы өзгөртүлбөй, мыйзамсыз аракеттер болуп жатат.

7. Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкы планы, Кызыл-Кыштак аймагы Ош шаарынын курамына кирбей туруп, Ош шаардык кеңеши тарабынан 27.12.2023 ж. бекитилген. Бирок, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын башкы планы Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жашоочууларынын макулдугусуз жана коомдук угууларсыз өзүм билемдик менен бекитилген. Бул болсо келечекте элдин нааразылыгын жасалма жол менен пайда кылат. Азыркы убакытта Кызыл-Кыштак ПДПсын бекитуу үчүн үшундай мыйзамсыз аракеттер болуп, коомдук угууларсыз бекитуу аракеттери болуп жатат. Бул болсо карапайым элдин жашоосуна ыңгайлуу шарттар тузуу үчүн эмес, курулуш мафиясы үчүн гана ыңгайлуу болуп жатат деген шек бар.

8. Менчиктеги үлүш жерлерге Кадастрда чектөө коюлган. Бирок, КР АПК, ЖПК талаптарына ылайык жарандардын менчигине чектөө сот жана кылмыш иш алкагында тергөө органдары тарабынан коюлат. Менчиктеги жер үлүштөрдү арзан баада ээлеп алуу максатында кызмат адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз чектөөлөр коюлуп, КР Конституциясы коргогон менчик укуктары тебелеп-тепселип жатат.

9. Ош облусунун губернаторунун 1 орун басары К.Г. Айтибаев жана Ош шаарынын кеңешчиси: “Үлүш жерлер КР Мамлекеттик ипотекалык компанияга берилет”-деп убада беришкен. Бирок, факт жүзүндө үлүшчүлөрдүн үйлөрүнө жеке менчик курулуш компаниясынын өкүлдөрү келишип: “Бизге жер үлүштөрүнүздү сатыңыздар, болбосо мамлекет арзан баада алып коёт”-деп коркутушуп жер үлүштөрдү сатып алып, нотариустан ишеним каттарды жаздырып жатышат. Бирок, жеке мечигиндеги курулуш компаниясына Кадастрдагы чектөөлөрү иштебей жатат. Бул болсо алдамчылык жолу менен дыйкандардын жеке мүлктөрүн рейдерлик жолу, өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруп, жетектеп, алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу кылмышы болуп жатат.

10. Ош шаарында курулуш компаниялар тарабынан мурда курулган көп кабаттуу үйлөр өзүм билемдик менен курулгандыктан кылмыш иштер козголгон, бирок айыпкерлер эркиндикте тайрандап жүргөндүктан, эми дыйкандардын жер үлүштөрүн арзан баада ээлеп алуу максатында мыйзамсыз, рейдерлик аракеттерди жасап жатышат.

11. Алтын менен барабар менчиктеги жер үлүштөрдү мыйзамсыз арзан баада алдамчылык жолу менен ээлеп алуу максатында баалоочу менен алдын ала сүйлөшүп, Ош шаарынын борборунда жайгашкан айыл чарба багытындагы сугат жер үлүштөрдү айыл чарбага жараксыз деп жалган, жасалмачылык маалыматтарды жаздырышы мүмкүн, арзан баада баалоо отчётун жаздырышат. Бул болсо Кызматтык жасалмачылык, башкача айтканда кызмат адамы тарабынан расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү, ага тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизүү, эгерде бул аракеттер пайда табуу, мыйзамсыз баюу же башка жеке кызыкчылыктардан улам жасалса, менчик ээсин өзгөртүү максатында жасалган. Бул кылмышы боюнча жеке баалоочу дыйкандарга келтирген зыянды кусушу зарыл.

12. Айыл жергесинде карапайым эл жер үлүштөрүн иштетип тирилик кылат жана иш менен камсыз болуп, пенсияга чыгып жатышат. Жер үлүштөрздү алып койгону, бул алардын иш орундарын жок кылып, карапайым эл арасында ишсиздикти жаратып, миграцияны күчтөндүрөт. Бир-эки коррупционер мыйзамсыз баюу үчүн жүздөгөн үй-бүлө ишсиз, тириликсиз калышы бийликке болгон ишеничин азайтуу максатында кылынган душмандык.

13. КР Жогорку Кеңешинде Мамлекеттик ипотекалык компаниясы боюнча көп сын пикирлер айтылып, МИК текшерууу боюнча КР ЖК депутаттык комиссиясы түзүлдү. КР ЖК депутаттык комиссиясы Кызыл-Кыштактагы рейдерлик, алдамчылык жолу менен жүздөгөн карапайым дыйкандардын 72 га жер үлүштөрүн ээлеп алуу фактысын текшерип, УКМК органдарына өткөрүп, жеке мүлктөрдү коргоп берүүсү зарыл.

14. Курулуш мафиясы жогорку кызматтагы кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп, бутум боюнча дыйкандардын жер үлүштөрүн арзан баада бир сотигин 291 доллардан 400 долларга чейин алышкан. Ушул эле учурда Ош шаарында ошол жердеги 1 сотик жерлерди базар баасы 40 миң доллардан тартып 60 миң долларга чейин алды-сатты болуп жатат. Курулуш мафиясынын жана аларды крышевать кылган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 357 миллион доллар зыян келтиришкен. К.К. Ташиев коррупционерлер, курулуш мафиясы ит бекер басып алган ондогон гектар жерлерди мамлекетке кайтарып жатат. Курулуш мафиясы алдамчылык жолу менен ит бекерге ээлеп алган 72 гектар жер мамлекеттик менчикке сөзсүз кайтарылышы шарт.

15. Албетте мындай мыйзамсыз аракеттерге Президент менен жамынган кызмат адамдары жасоо үчүн жардам беришкен. Бирок, КР Президенти С.Н. Жапаров: “Эгерде кызмат адамдары мыйзамсыз аракеттерди жасашса, элдин нааразылыгын пайда кылышса, алар сөзсүз камалат. Эгерде мыйзамсыз аракеттерди менин атымды сатып жасаса, менин бир тууганым болсо дагы, мен аны өзүм сөзсүз каматам”-деп айткан. Ошондуктан карапайым эл коргоого муктаж. 

Рейдерчилердин мыйзамсыз аракеттери натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 357 миллион доллар зыян келтирилген. Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:

1. Курулуш мафиясы, рейдерчилерди жана жеке баалочуну жоопкерчиликке тартуунузду.

2. Курулуш мафиясы, рейдерчилер тарабынан ит бекерге алынган базар баасы 360 миллион долларлык 72 гектер сугат айдоо жер тилке мамлекет менчигине кайтаруунузду.

3. Мамлекеттик ипотекалык компания боюнча түзүлгөн КР ЖК депутаттык комиссиясын Ошко жөнөтүп, мен менен жолуктуруунузду.

4. КР Президенти жана УКМК төрагасы Ошко келгенде дыйкандар жана мен менен

жолугушуп, коргоога алуусун, ага чейин рейдерчилердин аракеттерин токтотуп, тергөөнү КР Башкы Прокуратурасы жана КР УКМК борбордук аппаратарына тапшыруунузду, себеби Ош шаарынын укук коргоо органдарын курулуш мафиясы акча менен басып коёт.

5. Жер мамлекетке кайтарылгандан кийин ал жерге жеке менчик курулуш компанияларын жакындатпай, мамлекет өзү пайдалансын - деген тапшырма берип, көзөмөлгө алуунузду.

Эгерде рейдерчилер жерди мамлекетке кайтарбай, жоопкерчиликке тартылбай калса КР Президентине, КР УКМК кайра кайрылууга аргасыз болом.

 

Курулуш мафиясынын курманы,

Ош шаардык Кеңешинин депутаты                                                Дилмурад Рахманов 22.09.2024 ж.

 

Р.S. Эгерде мен менен, менин үй-бүлөөм менен, менин жеке мүлкүм менен бир нерсе болсо, курулуш мафиясын жана аларды крышевать кылган кызмат адамдарын айыптуу деп эсептөөнүздү суранам. Себеби, менин үйүмдүн чатырыда маскачан белгисиз адам жүргөнүн коңшуларым көргөн экен. Ошондой эле, курулуш компаниясынын өкүлү Алимов Козим педагогикалык этикасын бузуп, мени жаман аттүү кылып, ар-намысыма, аброюма, ишмердик беделиме шек келтирип, каргап, өлүм тилеп, кара дуба кылыныздар - деп эл арасында кастыкты (араздашууну) козуткан (КР КЖК 330 бер. 2 бөл.) жана менин омурумо чоң коркунуч жараткан.