11.09 сабагы: АКШнын «бүтпөгөн согуштарга» аралашкан доору аяктадыбы?
2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган теракттардан кийин эл аралык коалиция Ооганстанга кирип, “түбөлүк согуш” башталган. Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак уруштагы жоготуулар Вашингтондун аягы көрүнбөгөн жаңжалдарга аралашуусуна чекит койдурдубу?