ru24.pro
World News
Август
2024

Ага-ини Матраимовдор 50 миӊ сом айып төлөп, эркиндикке чыкты

0
Бир нече беренелерге айыпталып абакта жактан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун эки бир тууганы Исламбек жана Русланбек Матраимовго 50 миң сомдон айып салынып, эркиндикке чыкканы белгилүү болду. Алар агасы менен кошо быйыл мартта Бакуда кармалып, Бишкекке жеткирилген. Ош шаардык соту аларды 11-майда камакка алган. Бирок ага-ини тергөө абагынан качан чыкканы тууралуу маалымат жок.