"Аба жетпей жатат деп суранган". Милиция кармаган спортчунун өлүмү иликтенүүдө
Башкы прокуратура Бишкектин тургуну Иван Сологубовдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Маркумдун жакындары Сологубовго милиция кызматкерлери күч колдонгон деп айыптап, ишти акыйкат тергөөнү суранып президентке кайрылды. Ички иштер министрлиги дооматтарды четке кагууда.