"Оппозициянын арасына кирип, алар тууралуу маалымат жеткирип турган"
1-августта АКШ, Батыш менен "тарыхый айырбаштоо" деген жараяндын алкагында Европа абактарында отурган сегиз киши Орусияга кайтып келди. Алар үчүн Кремль 16 саясий туткунду бошотту. Путин өзү тосуп алгандардын арасында Польшада тыңчылыкка айыпталып камалган Пабло Гонсалес же Павел Рубцов да бар.