Этно дизайнды даңазалаган таланттуу студенттер
Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде салттуу маданиятты даңазалаган көргөзмө ачылды. “Жылуулук муундан-муунга, ала кийиз – салттуу кийиз килем” аталган көргөзмөгө бир катар иллюстрациялар, паннолор, керамикалык буюмдар, кийим коллекциялары жана ала кийиздер коюлду.