Тоң: Зындан көлү ташып, 500дөй киши коопсуз жайга көчүрүлдү
21-августтун кечинде Ысык-Көл облусунун Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды. Буга бийик тоодогу Зындан көлү жырылганы себеп болгон. Суу каптоо коркунучуна кабылган айыл тургундары коопсуз жакка чыгарылды.