"Түрмөдө таза сууга зар болдум". Алсунун алгачкы маеги
"Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти, эки кыздын энеси Алсу Курмашева орус түрмөсүнөн бошотулгандан кийин алгачкы ирет маек берди. Ал Казан шаарында дээрлик бир жылдай тергөө абагында отурган соң өткөн аптада туткун алмашуу боюнча жараяндын алкагында бошотулду.