Кооптуу топтун колунан депутаттын документи табылды
УКМК бийликти басып алууга даярдаган деп кармаган топтун мүчөлөрүнүн үйүн тинткенде Жогорку Кеңештин депутатынын аскердик билети табылганы кабарланды. Атайын кызмат кармалган топ 31-августтагы Эгемендик күнүндө улуттук оюндар өткөн жерде теракт уюштурууну пландаганын билдирди.