ru24.pro
World News
Июль
2024

Чуулгандуу иштерди караган эки судья кармалды

0
Чүй облустук сотунун эки судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңеши макулдук берди. Президентке аларды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш жиберилди. 2-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери облустук соттун эки судьясын кармаганы, алар соттолуучудан 6 миң доллар пара алууга шек саналып жатканы белгилүү болгон. Аталган соттор убагында бир катар талаштуу чечимдерди чыгарганы айтылып жатат.