ru24.pro
World News
Март
2021

Австралияны суу каптады

0
Нөшөрлөп жааган жаандан улам пайда болгон суу ташкыны шаарларды жана эл жашаган аймактарды каптады.


Өлкөнүн эл эң жыш жашаган Түштүк Уэльс штатынын өкмөт башчысы Глэдис Береджиклян 21-мартта брифинде маалымдагандай, сел ташкыны күтүлгөндөн алда канча катуу болуп кеткен:


«Кечээ биз 20 жылдан бери боло элек суу ташкыны кайталанат деп күткөн болсок, бүгүнкү кырдаал жарым кылымда бир болуучу ташкынды эске салды», – деди Бережиклян.


Анын айтуусунда Сиднейдин түндүк-батышында жашаган адамдар турак-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушууда. Миңдей адам эвакуацияга жардам сурап кайрылган.


Маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган тасмаларда катуу келген сел ташкыны үйлөрдү, жолдорду кыйратып, бак-дарактарды талкалап жатканын көрүүгө болот. Бийлик жүздөгөн имараттар жабыркаганын маалымдоодо.


Штаттагы ири жолдор жабылып, мектептерде окуу токтотулду. Маалымат каражаттары сел коронавируска каршы вакцинаны аймакка жеткирүүгө да тоскоолдук жаратканын жазышты. 8 млн. калкы бар Түштүк Уэльс штатына вакцинанын 6 млн. дозасын жеткирүү максат кылынган.


Метеорологдор нөшөр дагы бир нече күн уланарын кабарлашууда.