Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды
Беларуста президенттик шайлоодо мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталды. Ал 25-январга чейин уланат. Шайлоо 26-январга белгиленген. Бул жолу президенттик шайлоого беш талапкер ат салышууда. Алардын арасында өлкөнү 31 жылдан башкарып келаткан 70 жаштагы Александр Лукашенко дагы бар. Оппозициядагы "Беларустун демократиялык күчтөрү" эл аралык коомчулукту шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырат. Укук коргоочулардын пикиринде Беларустагы шайлоолор "авторитардык өкмөт өз бийлигин мыйзамдаштыруу үчүн колдонулуп, өз функциясын аткарбай калган". Читать дальше...
