Бельгияда пенсия реформасына каршы жалпы улуттук иш таштоо жүрүп жатат. "Рейтер" маалымдагандай, дүйшөмбүдө аба, темир жол жана кара жол байланышы кыйындады. Кесиптик кошуундар бийлик талкуулап жаткан реформадан чочулап, демонстрацияларга чакырган. Өкмөт сунуш кылынган өзгөртүүлөргө ылайык пенсиялардан үч миллиард евро үнөмдөөнү көздөп жатат.
Акцияларга темир жол, аэропорт, авикомпания, коомдук транспорт, билим берүү кызматкерлери кошулду.
Маалыматка караганда, демонстрацияларга он миңдеген мугалим кошулууну көздөп жатат. Читать дальше...