Өзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы 20-январдан 6-мартка чейин Москва жана Санкт-Петербург шаарларына каттамдардын саны азайтыларын билдирди. Мындай чечимди компания Airbus A320 учактарынын пландуу техникалык тейлөөсү менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлады.
Маалымат боюнча Ташкент, Самарканд, Бухара, Наманган жана Ферганадан Москванын Домодедово аэропортуна, Самарканд жана Намангандан Петербургдагы Пулково аэропортуна кээ бир рейстер убактылуу аткарылбайт. Ташкент-Самарканд ортосундагы айрым каттамдар да токтойт. Читать дальше...