Чикагодо Кыргызстандын жараны киши колдуу болду
7-январга караган түнү АКШнын Чикаго шаарында Кыргызстандын жараны киши колдуу болду. Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ырастап, бул факты боюнча АКШнын укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди. ТИМ Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу жергиликтүү бийлик органдары жана маркумдун жакындары менен байланышта экенин кошумчалады. Kaktus.media порталы белгисиз адамдар 33 жаштагы кыргыз жаранын өлтүрүп, автоунаасын уурдап кетишкенин жазды. Кыргызстандын... Читать дальше...