Адвокат абактагы Султанбеков менен жолугушууга уруксат берилбегенин билдирди
28-декабрда №1 тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбековго адвокаты менен жолугушууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу адвокат Улан Сейитбековдун билдирүүсү Бишкек шаар кеңешинин мурдагы депутаты Кадыр Атамбаевдин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Сейитбеков видеодо жолугушууга Бишкектеги №21 тергөө абагынын жетекчилигинин буйругу менен уруксат берилбегенин айткан. "№21 тергөө абагынын жетекчилиги бул буйругу менен анда кармалып турган жарандардын адвокаттары менен жолугушуусуна жана юридикалык жардам алуу укугун бузат. Читать дальше...