АКШнын Иммиграция жана бажы кызматы быйыл Жо Байдендин администрациясы акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй сандагы мигранттарды депортациялаганын билдирди. Бул тууралуу «Америка добушу» радиосу кабарлады.
Мекеменин отчетуна ылайык, быйыл 270 минден ашуун киши 192 өлкөгө чыгарылды.
Мындай жылдык жогору көрсөткүч 2014-жылдан бери каттала элек болчу.
Кызмат муну дипломатиялык аракеттердин күчөтүлгөнү менен түшүндүрөт. Вашингтон акыркы кезде башка мамлекеттердин өкмөттөрүн депортацияланган жарандарын кабыл алууга көндүрө алды. Читать дальше...