OCCRP: Президент Рахмондун небереси 9 жашында Дубайда кымбат батир алган
Тажик президенти Эмомали Рахмондун небереси Эражон Гулов 9 жашында Дубайда кымбат батир сатып алган. Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) Дубайдагы кыймылсыз мүлк тууралуу ачыкка чыгып кеткен документтердин негизинде ушундай бүтүмгө келди. Маалыматка караганда, Пальма Жумейра деген белгилүү архипелагдагы батирдин аянты 210 чарчы метрди түзөт. Азыр 18ге чыккан Эражон Гулов аны канчага алганы белгисиз. Бирок иликтөөчүлөр батирдин учурдагы баасы 1,3 миллион доллардан ашарын аныкташты. Читать дальше...