Бишкекте кыйраган тик учактын учкучу мамлекеттен жардам берилбей жатканын айтып чыкты
17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурундагы тик учак кырсыгында жараат алган учкуч Максат Бактыбеков бийликке кайрылды. Ал иш боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы чыга электигин, кырсыктан улам баспай калганын жана ипотекага алынган үйдө жашап жатканын белгилеген. “Келинчегим Коргоо министрлигине барып, ипотекага болгон карызыбызды жаап бербейсиздерби десе, макул болушкан. Кийин телефон чалып, "күйөөңүз 20 жыл кызмат кылганда жаап бермекпиз" деп коюшту. Менин 13 жылдык тажрыйбам бар. Читать дальше...