Түштүк Корея: президенттиктен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёлду камакка алуу маселеси каралууда
Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл Жогорку даражалуу аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген комитетке суракка келген жок. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги жазды. Юн Сок Ёл комитетке 17-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондордо бармак. Буга чейин тергөөчүлөр ага чакырууну колуна тапшырууга аракет кылышкан. Бирок президенттин коопсуздук кызматы буга жол берген эмес. Комитет башчысы Дон Ун президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирди. Читать дальше...