Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт камакка алынды
Бишкектеги Gergert Sport дүкөнүнүн ээси Виталий Гергерт 2025-жылдын 4-февралына чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-декабрда чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча айып тагылууда. Атайын кызмат Виталий Гергертке козголгон иш тууралуу маалымат бере элек. Читать дальше...