Франциянын өкмөт башчылыгына борборчул Франсуа Байру дайындалды
Франциянын президенти Эммануэл Макрон борборчул "Демократиялык кыймыл" партиясынын лидери, өзүнүн тарапташы Франсуа Байруну өкмөт башчылыкка дайындады. 4-декабрда Франциянын парламенти буга чейинки премьер-министр Мишель Барньеге ишенбестик көрсөткөн. Ал бул кызматта болгону үч ай отурду. Муну менен депутаттар 1962-жылдан бери биринчи жолу өкмөттү таркатышты. Барньенин кызматтан кетишине анын депутаттардын макулдугу жок 2025-жылга карата социалдык камсыздандыруу боюнча бюжетти кабыл алышы түрткү болду. Читать дальше...