“Бийликти күч менен басып алуу” иши боюнча дагы бир мурдагы прокурор кармалды
Башкы прокуратуранын ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы улук прокурору (У.А.) кармалганы белгилүү болду. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 30-ноябрда судья анын бөгөт чарасын карап, 2025-жылдын 9-январына чейин камакка алган. Аны камакка алуу өтүнүчүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Мурдагы прокурорго Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Массалык башаламандыктар”, “Уюшкан топту... Читать дальше...