Тажикстан: Канибадамда бир үй-бүлөдөн алты кишини өлтүрүп кетишти
Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган окуя катталды. «Озоди» радиосу маалымдагандай, дүйшөмбү күнү бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн – жубайлар менен төрт баласынын сөөктөрү табылды. Наимжон Нематов 37, аялы Нафиса 33 жашта болчу. Эң улуу кызы 13, кичүүсү эки жашка чыккан. Расмий органдар эч кандай комментарий бербегени, маркумдардын туугандары да журналисттер менен сүйлөшүүнү каалабаганы маалымдалды. «Азия Плюс» агенттиги күбөлөргө таянып, Наимжон Нематовдун башы көгала болгонун жазды. Читать дальше...