Абактагы Ташов 6-декабрдан бери кургак ачкачылык кармап жатканы кабарланды
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 6-декабрдан бери ачкачылык кармап жатканын адвокаты Нурсултан Жаныбеков 11-декабрда "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, Ташов сот отурумунун мыйзамсыз өтүүсүнө, адилетсиз жана негизсиз айып коюлганына, арыздары каралбай жатканына жана курулуш компаниясынын банктык эсептердин камакка алынышына нааразылык иретинде суу да ичпей, кургак ачкачылык жарыялаган. "Имамидин Ташов расмий түрдө өткөн жума күндөн тартып тамак, суу да ичпей, ачкачылык кармап баштаптыр. Читать дальше...