Сирия: өкмөт башчы бийликти өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди
Сириянын премьер-министри Мухаммад Гази аль-Жалали сирия эли тандаган кандай гана бийлик болбосун иштешүүгө даяр экенин, бийликти өткөрүп берүүгө байланыштуу бардык чараларды көрөрүн билдирди. Анын сөзүн саудиялык Al Arabiya телеканалы көрсөттү. “Сирия коңшулары, дүйнө менен жакшы мамиле курган кадыресе өлкө боло алат. Бирок эл тандаган кандай гана жетекчилик болбосун бул маселени чечиши керек. Биз алар менен кызматташууга даярбыз жана бардык мүмкүн болгон шартты камсыздайбыз”, - деген өкмөт башчы Фейсбук аркылуу жасаган кайрылуусунда. Читать дальше...