Кыргызстан менен Казакстандын мамилесин тереңдетүү келишими ратификацияланды
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Бирлик мамилелерин тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды. Келишимге ушул жылы 19-апрелде президент Садыр Жапаровдун Астана шаарына болгон расмий сапарында кол коюлуп, Жогорку Кеңеш 30-октябрда мыйзамды кабыл алган. Маалыматта келишимдин максаты ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелерди бирлик жана стратегиялык өнөктөштүк маанайда андан ары чыңдоо экени жазылган. Читать дальше...